Кыргызстандык мигранттар январь менен февралда канча акча которду

Былтыркыга караганда быйыл каражат көбүрөөк которулду деп айтууга болот. Бирок эки көрсөткүч тең 2019-жылдагы рекорддук суммага жетпейт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Ушул жылдын январь жана февраль айларында Кыргызстанга мигранттардан 328,6 миллион доллар которулганын Улуттук банк кабарлады. Кеп жарандардын атайын система аркылуу которгон каражаты тууралуу болуп жатат.
Кыргызстандын алтын валюта резерви бир айда 150 млн. долларга кыскарды
Белгилей кетсек, каражаттын 90 пайызы Россиядан которулат.