Кыргызстандан дарынын 80 түрүн экспорттоого тыюу салынды

Дефицитке жол бербөө максатында дары-дармектин 80, медициналык буюмдардын 64 түрүн экспорттоого уруксат жок.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Дары-дармекти жана медициналык буюмдарды Кыргызcтандан экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
ПЦР-тест менен компьютердик томография арзандайт. Үчүнчү толкунга даярдык
Документтин максаты — калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, эпидемиологиялык оор кырдаалды алдын алуу үчүн дары-дармектин жетишсиздигине жол бербөө.
Экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын тизмеси өкмөттүн сайтына тиркелген.
Андагы маалыматка караганда, дары-дармектин 80, медициналык буюмдардын 64 түрүн сыртка сатууга тыюу салынды.