Радио

Жайчиева: кыргыз эл жомоктору кооздугу менен айырмаланат

КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева кыргыз эл жомоктору мазмунунун тереңдиги, купуялуулугу жагынан бийик турарын айтты.
Sputnik
Кыргыздар көчмөн болуп, ат чаап, жер которуп жүргөндүктөн жомокторунда баатырдык, айкөлдүк, ак ниеттик, ак жүрөктүк көбүрөөк айтылат. Мындай пикирин Бегайым Жайчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфириндеги маекте билдирди.
Анын айтымында, кыргыз жомокторундагы окуялар адамды ойго салса, башка элдерде жеңилирээк баяндалат.
"Жомоктун тилеги дүйнө элдеринин баарында бирдей. Акыйкаттык жеңип, жыйынтыгы жакшы бүтөт. Кыргыздар көчмөн болуп, ат чаап, жер которуп жүргөндүктөн жомокторунда баатырдык, айкөлдүк, ак ниеттик, ак жүрөктүк көбүрөөк айтылат. Мисалы, "Миң күндүк жомок" деген китеп бар. Анда дүйнөдөгү бардык элдердин жомоктору камтылган. Мен бардыгын толук окуп чыктым. Кыргыз эл жомоктору кооздугу, жеткиликтүүгү менен айырмаланат. Ойго салып, балдарга тарбия берип, чоңдорду да кызыктырып, курч окуяларга бай келет. Кыргыздар жомокту түшүндүрүп айта билген, каармандарын ача билген жомокчу эл ", — деди Жайчиева.
Ошондой эле жомокчу бала тарбиялоону жомоктон баштоо керек экенин, ата-энелер жомокко маани бериши зарылдыгын кошумчалады.