Күн жылып Бишкек — Ош жолундагы оңдоо иштери жанданды. Сүрөт

Подрядчы менен түзүлгөн келишимге ылайык, жолго асфальт төшөлүп, көпүрөлөр курулуп, суу түтүктөрү калыбына келтирилет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Күн жылыгандан бери Бишкек — Ош жолундагы Жалал-Абад — Маданият участкасында асфальт төшөө иштери жанданды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Күн жылыгандан бери Бишкек — Ош жолундагы Жалал-Абад — Маданият участкасында асфальт төшөө иштери жанданды
Аталган участоктун 20 чакырымына асфальт төшөлөт. Ал эми жалпы жонунан 67 чакырымдык жолду оңдоо пландалууда.
"Жолду оңдой турган компания менен түзүлгөн келишимге ылайык, жолдор оңдолуп, көпүрөлөр, аялдамалар, суу түтүктөрү калыбына келтирилет, аны менен бирге тротуарлар, жол белгилери, коопсуздук тосмолору орнотулат", — дешти министрликтен.
Жеринде 150 жумушчу жана 80 техника иштеп жатат. Мындан тышкары, подрядчы компания саатына 210 тонна асфальт-бетон чыгарган завод ачканы айтылды.