Пакистан Кыргызстанга 1,4 тонналык гумжардам берди. Сүрөт

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги аталган өлкөдөн гуманитардык жардам алуу маселеси боюнча иш жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Пакистан Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Пакистан Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам берди
ТИМ Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги аталган өлкөдөн гуманитардык жардам алуу маселеси боюнча иш жүргүзгөн.
"9-апрелде Исламабадда Пакистандын Чукул кырдаалдарды башкаруу боюнча улуттук комитети элчиликке N95 үлгүсүндөгү беш миң бет кап, коргонуу костюмдары сыяктуу жалпы салмагы 1,4 тонна болгон гуманитардык жардам берди", — деп айтылат маалыматта.
Жардамдын 816 килограмм болгон биринчи бөлүгү 10-апрелде чартердик каттам менен Бишкекке жөнөтүлгөн.