Талапкер АШК мүчөлөрүн ташыган. Ошто 5 тилкеде жыйынтык жокко чыгарылды

Шаарда мөөнөтүнөн мурда добуш берилген №5279, 5551, 5284, 5904, 5316 шайлоо участкаларынын жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Ош шаарында беш тилкеде шайлоо участкасынан сырткары добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул туурасында Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Муктар Пазилдаев билдирди.
Тагыраак айтканда, шаарда мөөнөтүнөн мурда добуш берилген №5279, 5551, 5284, 5904, 5316 шайлоо участкаларынын жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими кабыл алынган.
Пайзилдаевдин айтымында, №5279 участкада шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү "Ата Журт Кыргызстан" партиясынын талапкери Чыңгыз Жороевдин унаасы менен кыдырып жүргөнү аныкталган.
"Факт боюнча ошол көчмө урнадагы 30 добушту жокко чыгардык, ушуга жол бергени үчүн участкадагы шайлоо комиссиясынын жетекчисин кызматтан алуу сунушталды. Бул шайлоодон кийин каралат, себеби азыр чара колдоно албайбыз. Талапкердин өзүн да четтетүү маселеси каралмай болду. Ал эми №5284, 5904, 5316 участкаларында бирден үчкө чейин ашыкча бюллетень чыккан. Ошондой эле №5551 шайлоо участкасында реестрде жок адамга бюллетень берилгени аныкталып, 35 шайлоочунун добушу жокко чыгарылды", — деди Пайзилдаев.
Бюллетенди таштандыга ыргыткан. БШКга эки саатта 25 даттануу түштү
Өлкө боюнча мөөнөтүнөн мурда добуш берилген 15 шайлоо участкасында жыйынтык жокко чыгарылган. Алар: Бишкек, Ош, Токмок шаарлары жана Аламүдүн району.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда кечээ, 10-апрелде, 17 099 жаран шайлоо участкаларынан тышкары добуш берген. Бул категорияга майыптыгы бар жана үйдөн чыга албаган улгайган адамдар кирет.