Мен тууралуу эмне дешсе да көтөрөм. Сооронбай Жээнбеков добуш берди

Жээнбеков саясий туруктуулук жаңыдан бекемделип келе жатканын, анын айткандары кырдаалга таасир этиши мүмкүндүгүн белгилеген. Ошондуктан азырынча унчукпай турууну чечкенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы № 1327 шайлоо участогунда добуш берди. Бул тууралуу саясатчынын Facebook тармагындагы расмий баракчасында жазылды.
1 / 3
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы № 1327 шайлоо участогунда добуш берди
2 / 3
Анда айтылгандай, Жээнбеков шайлоо боюнча журналисттердин бир катар суроолоруна да жооп берген
3 / 3
Ошону менен бирге коомчулукта, журналисттерде ага экс-президент катары суроолор көп экендигин кошумчалаган
Анда айтылгандай, Жээнбеков шайлоо боюнча журналисттердин бир катар суроолоруна да жооп берген.
"Бүгүн шайлоо күнү. Бул күнү үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган. Ар бир жаран кимге добуш бергенин купуя сыр катары сактоого укуктуу. Негизгиси — бүгүнкү жарандык милдетимди аткардым", — деди Жээнбеков.
Ошону менен бирге коомчулукта, журналисттерде ага экс-президент катары суроолор көп экендигин кошумчалаган.
Жапаров экс-президенттер менен "Ата-Бейитке" барып, куран окуду. Сүрөт
"Жеке менин дарегиме да ар кыл ойлор, калп-чыны аралаш пикирлер айтылып келет. Мен мунун баарын угуп, көрүп, анализдеп жатам. Албетте, менде айтылчү сөздөр көп. Бирок азыркы кырдаалда менин сүйлөп, саясатчылар менен талашып-тартышып, диалогго аралашканыма караганда унчукпай турганым — өлкө үчүн чоң пайда. Анткени саясий туруктуулук жаңыдан бекемделип келе жатат. Менин айтканым, дегеним кырдаалга таасир этпей койбойт. Саясий чайкоочулук кылчулар да жок эмес. Мен ошого жол бергим келбейт", — деген мурдагы президент.
Ошондой эле ал үчүн элдин биримдиги бардыгынан кымбат экенин айткан.
"Жеке мен тууралуу эмне дешсе да көтөрөм, чыдайм. Өлкөдөгү саясий туруктуулук, эл биримдиги мен үчүн баарынан кымбат. Дүйнөдө, биздин мамлекетте коронавируска байланыштуу экономикалык абал жеңил эмес. Дагы башка маселелер көп. Мамлекет жетекчилиги колунан келишинче иштеп жатат. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Ошондуктан баарыбыз тең азыр саясатты азайтып, жаратмандыкка басым жасашыбыз керек. Менин унчукпай келе жаткандыгымдын негизги себеби — ушул. Буюрса, сүйлөшүүгө дагы мүмкүнчүлүктөр болот", — деп белгилеген экс-президент.
Сооронбай Жээнбеков мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктаган.