Аягына чейин кармашып. Эрназар Акматалиев Алматы мелдешинен алтын байге утту

65 килограмм салмакта ат салышкан спортчу квалификациялык мелдештин чейрек финалынан тарта күрөшүп, бардык атаандаштарын уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Эрназар Акматалиев Токио Олимпиадасына лицензия берилүүчү мелдеште чемпион болду. Турнирдин жүрүшүн United World Wrestling уюму түз алып көрсөттү.
Алтын байге үчүн таймашта ал ирандык Амирмохаммед Язданачератини 15:13 эсебинде утуп алды.
65 килограмм салмакта күч сынашкан Акматалиев жарым финалда өзбекстандык тажрыйбалуу спортчу Ильяс Бекбулатов менен кармашты. Кыргыз балбаны 8:0 эсебинде утулуп жатканына карабай аракетин улантып, адегенде эки, анан төрт упайлык ыкма жасап, анын артынан эле атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишке жеткен.
Ири эсеп менен утулуп жатып жеңишке жеткен Акматалиевдин кубанган видеосу
Ал эми чейрек финалда түркмөн атлети Керим Ходжаковду 5:1 эсебинде жеңип алган.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азиялык квалификациялык турнир Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Анда финалга чыккан атлеттерге Токио Олимпиадасына лицензия берилет.
Буга чейин ата мекендик грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов жана кыздар күрөшүнөн Айпери Медет кызы бул мелдеште чемпион болуп, алтын медаль тагынышкан.