Анжелика, Болот Ибрагимов... Бишкек шаардык кеңешине кимдер депутат болуп барат?

Бишкек шаардык кеңешине кимдер депутат болуп барышы мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз. Тизмеде белгилүү адамдар да аз эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин болжолдуу курамы белгилүү болду.
Автоматтык түрдө эсептеген урнанын алдын ала маалыматына ылайык, мандаттар алты партияга бөлүштүрүлөт.
Бул болжолдуу эсептөө экенин маалымдайбыз. Мандаттардын саны менен бөлүштүрүлүшү өзгөрүп кетиши мүмкүн.
"Эмгек" партиясына тогуз мандат берилиши ыктымал:
"Ак Бата" партиясына сегиз мандат берилери болжолдонду:
Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясына (НДПК) сегиз мандат тийиши ыктымал:
"Ата-Журт Кыргызстан" партиясына жети мандат берилмекчи:
"Ынтымак" партиясына дагы жети мандат берилиши мүмкүн:
"Биздин эл" партиясына алты мандат буюрушу ыктымал:
Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешине 25 партия ат салышкан.