Бишкекте кызга бычак урду деген шектүү кармалды

Жабыркаган кыздын айтымында, Сухэ-Батор көчөсүндө түнкү саат 12ден өтүп калганда белгисиз адам анын оң ийини менен билегине бычак урган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр.— Sputnik. Ордо калаада кызга бычак урду деген шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Ордо калаада кызга бычак урду деген шектүү кармалды
2 / 2
Учурда ээнбаштык фактысы боюнча иш жүрүп жатат.
Ага ылайык, жабыркаган кыздын арызы милицияга ишембиге караган түнү түшкөн. Азырынча анын жашы тактала элек. Кыздын айтымында, Сухэ-Батор көчөсүндө түнкү саат 12ден өтүп калганда белгисиз адам анын оң ийини менен билегине бычак урган. Шектүү окуя болгон жерден из жашырып кеткен, бирок анын бычагы табылган.
Аталган кылмышка шектүү делип 44 жаштагы Д.Ш. аттуу адам кармалган. Учурда ээнбаштык фактысы боюнча иш жүрүп жатканы кошумчаланды.