Жеңилип, кайра өзүн колго алган Мээрим да Олимпиадага жолдомо утту. Видео

68 килограмм салмак категориясы боюнча финалда кыргызстандык кыз кытайлык Фэн Чжоу менен таймашат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова да Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Анын финалга чыкканы тууралуу маалымат United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайтына чыкты.
68 килограмм салмак категориясы боюнча финалда кыргызстандык кыз кытайлык Фэн Чжоу менен таймашат.
Жуманазарова жарым финалда индиялык Ниша Нишаны 13:3 эсебинде, таза техникалык артыкчылык менен утканын uww.asia уюму өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды. 
Мээрим алгачкы кармашында кытайлык кыз менен беттешкен. Аны 5:3 эсебинде утуп жатып, кармаштын соңуна 14 секунда калганда 5:7 менен утулуп калды.
Сүйүнчү! Акжол, Жоламан, Үзүр Олимпиада оюндарына жолдомо алды
Ата мекендик спортчу кыз чейрек финалда казакстандык атаандашы Жамила Бакбергенованы 10:3 менен уткан.
Мелдеш ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Аталган чемпионатта финалга чыккан атлеттерге Токио Олимпиадасына лицензия берилет.
Эскерте кетсек, 76 килограмм салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы бардык атаандаштарын утуп, чемпион болду.
Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.