Бүгүн Кыргызстанда шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү". Эрежеси

Эртең 420 айылдык жана 28 шаардык кеңешке шайлоо өтөт. Аны менен кошо жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум болот.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү".
Ага ылайык, добуш берүүдөн 24 саат мурун талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзө алышпайт.
Шайлоо менен референдумду өткөрүүдөгү кемчиликтерге даттана аласыз. Телефондору
Мындан тышкары, БШКдан каттоодон өткөн теле, радио, интернет сайттар, гезит-журналдар аркылуу үгүт материалдарын жарыялоого тыюу салынат. Ушундай эле максатта эл чогултууга дагы болбойт.
Бардык каржылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү добуш берүүдөн бир күн алдын, башкача айтканда, 10-апрелде саат 18:00дө токтотулат.
БШК мыйзамга каршы үгүт иштери жүргүзүлгөн учур катталса тиешелүү чаралар колдонуларын эскертти.
Эртең, 11-апрелде, 448 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 420 айылдык, 28 шаардык кеңешке шайлоо өтөт. Аны менен кошо жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум болот.