Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Каскадер Кудайбергеновдун сүрөттөгү ирмемдери

Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги анын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Үсөн Кудайбергенов 1949-жылы 27-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. Ал мектепте окуп жүргөн кезинде эле Фрунзедеги цирктеги чабандестердин ишине аралаша баштап, кийин Москвадагы Кинематография институтунда окуп, 19 жашында "Жамийла" көркөм тасмасында кооптуу эпизодду аткарып тартылган. Тажрыйба топтогон соң Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Италия, Франция, Германия, Россия, АКШ, Индиянын фильмдерине актер, каскадер катары катышкан. Кудайбергенов 29 жашында "Генийдин өспүрүм кези" фильминде Сыр-Дарыяга 27 метр бийиктиктен ат менен секирип, дүйнөлүк деңгээлде таанылган. Ал трюгу менен Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннес китебине кирген.

Ошондой эле кайра куруу жылдарында Борбор Азияда биринчи жолу Каскадерлор ассоциациясын негиздеп, чет элдик киночулар жана киностудиялар менен тыгыз иштешкен. КРде түрдүү долбоорлорду ишке ашырып, бир топ жаштарды тарбиялаган.

Кинодогу Сур эчки менен барстын кийинки тагдыры. "Ак илбирстин тукумунан" 13 сүрөт
"Манас" эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүүгө жигердүү катышып, 1999-жылдагы Баткен окуясында өзүнүн чогуу иштеген балдары менен чек арачыларга жардам берген.

Тайманбаган таланттуу инсан чыгармачылыгында Голливуд, Россиянын Каскадерлор ассоциациясынын атайын мүчөсү, Кыргызстандын Панкратион федерациясынын президенти болуп шайланып, дүйнөгө таанымал Ричард Тайсон, Марк Дакаскос жана Эрик Норрис менен иштешип, бир катар белгилүү киностудиялар менен кызматташып, 300дөн ашык кинокартинанын жаралуусуна көмөктөшкөн.

Жеке жашоосунда Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалованын жалгыз кызына баш кошуп, жубайлар бир кыздуу болгон. Ал эми экинчи турмушунда өзбекстандык актриса Альмира Исмаиловага үйлөнүп, эки уулду тарбиялаган.

Үсөн Кудайбергеновду 2005-жылдагы март окуяларынан кийин белгисиз адамдар өз үйүндө атып өлтүрүп кетишкен. Анда каскадер 55 жаштын чайын ичип аткан.

Кыргыз каскадерлук өнөрүнүн башында турган инсан жөнүндө кызыктуу фактыларды бул жактан окуса болот.

1 / 11
Үсөн Кудайбергенов жаштайынан эле каскадерлук өнөргө кызыгып, кесибинде бир топ жаракаттарды алган
2 / 11
"Чыңгыз хан" тасмасын тартуу маалында чабандестер менен
3 / 11
Ат жалында ойногон каскадер жүздөгөн фильмде тартылган
4 / 11
Дүйнөлүк деңгээлде таанылган актер өзү салган мейманкананын алдында эс алып отурат
5 / 11
Кудайбергенов ак калпакчан кара кашка ат менен тоодон түшүп келе жаткан учуру
6 / 11
Кезектеги тасмада элди башкарган Кудайбергенов. Казакстан, Кордай облусу
7 / 11
Панкратион федерациясынын президенти борбор калаада өткөн мелдеште жеңүүчүнү сыйлоодо
8 / 11
Каскадер 2005-жылдын мартындагы башаламандыкты токтотуу үчүн элдик кошуун түзүп, бир топ мыйзамсыз аракеттерди токтотуп калган
9 / 11
Кудайбергенов көптөгөн чет элдик киночулар менен тыгыз иштешип, кыргыз каскадерлорунун башында турган
10 / 11
Солдон оңду көздөй: Үсөн Кудайбергенов, казакстандык белгилүү актер Асаналы Ашымов, түркмөнстандык режиссер Жоджакули Нарлиев келинчеги Мая Аймедова менен
11 / 11
Дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү актер 55 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан