Айзаданын өлүмү боюнча 44 милиционер жазаланып, жетекчилер кызматтан алынды

Милиция кызматкерлери жана жетекчилери өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткарбагандыгы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында милиция кызматкерлери жана жетекчилери өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткарбагандыгы аныкталган.
Анын жыйынтыгы менен жооптуу 12 кызматкер иштен алынып, 32си тартиптик жаза алды.
Кызматтан бошотулгандар:
Мындан сырткары, Чүй облустук жана Бишкек шаардык милицияда иштеген 32 кызматкер тартип жазасына тартылды. 
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги
Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.