Жапаров бир катар медиктердин айлыгын көтөрдү

Жапаров медицина кызматкерлеринин иши абдан оорлогонун жана өлкө боюнча 3000 дарыгердин орду бош турганын, буга айлык акынын аздыгы себеп болгонун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 1-апрелден баштап Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун (ЦСМ) кызматкерлеринин эмгек акылары 100 пайызга көтөрүлгөнүн Instagram баракчасы аркылуу билдирди.
Ал эми калган медиктер менен маданият кызматкерлеринин айлык акылары 1-июлдан баштап 50 пайызга жогорулай турганын айтты.
"Башка тармактардагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын жана пенсия, жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча булактарды издеп жатабыз. Ушинтип четинен каржылоону таап көтөрүп турбасак, баарын бир мезгилде көбөйтүүгө бюджетибиз туруштук бере албайт экен. Кудай буюрса, эмгек акыларды, пенсия, пособиелерди жетиштүү деңгээлге чейин көтөрүүгө жетишебиз", — деген мамлекет башчы.
Жапаров эмне үчүн биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлүп жатат деген суроого жооп берген.
Жапаров маданият кызматкерлеринин айлыгын көтөрүп, үй берүүнү убадалады
"Биринчиден, албетте, медицина кызматкерлеринин иши абдан оорлоду. Экинчиден, өлкө боюнча 3000 дарыгердин орду бош турат. Эмгек акынын аздыгынан кызматтан баш тартып кетишкен экен. Ошол себептен шарт түзүп берүү жолу менен баарын кайтарып келишибиз керек", — деп жазган президент.
Жапаров коронавирус пандемиясынын айынан кыргызстандыктар эле эмес, бүткүл дүйнө эли кыйын акыбалда турганын жана ушуга байланыштуу эмгек акыларды жогорулатуу боюнча болгон аракеттер жүрүп жатканын кошумчалады.