БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы Улукбек Марипов жакынкы убакытта ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбековага куран окутуп барууну пландап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Толкун Камчыбекова билдирди.
Эске салсак, кечээ Өкмөт үйүнүн алдында зомбулукка каршы өткөн митингде катышуучулардын бири Мариповдон "Өзүңүз Балыкчыга барасызбы?" деп сураганда: "Барууга даярмын, ниет кылгам. Бул жакта (Бишкекте) коюлса керек деп барууга ниеттенип жаткам", — деп жооп берген.
Айзада Канатбекованын таежеси Бактыгүл Шакенова Sputnik агенттигине маркумду акыркы сапарга узатууга Ысык-Көл облустук милициясынын жана Балыкчы шаардык милициясынын башчылары катышканын айтты. Бүгүн Балыкчы шаарынын мэри келип кеткен. Өкмөттөн башка киши барган эмес.
"Премьер-министр Улукбек Марипов жакынкы убакытта куран окутууга барууну пландап жатат. Так күнү тууралуу кошумча маалымат беребиз", — деп билдирди өкмөттүн маалымат катчысынын башчысы Толкун Камчыбекова.
Айзаданын өлүмү
Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 07:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Бишкек шаардык Биринчи май райондук милициясына саат 07:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкекке жакын жердеги Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Бул тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип үч шектүү кармалды.
8-апрель күнү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине шалаакылык боюнча кылмыш иши козголду.