"Торугарт", "Эркеч-Там" жана Sinopharm боюнча сүйлөштү. Марипов кытай элчисине жолукту

Бүгүнкү күндө коронавируска каршы Sinopharm вакцинасын жети жүздөн ашуун кыргызстандык жаран алган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Кытайдын КРдеги элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайларынын иши боюнча маселени талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабаралашты.
1 / 2
Премьер-министр Улукбек Марипов Кытайдын КРдеги элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайларынын иши боюнча маселени талкуулады
2 / 2
Премьер кытай өкмөтү берген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасына ыраазылыгын билдирип, учурда аны бир нече жүз адам алгандыгын айткан
Премьер кытай өкмөтү берген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасына ыраазылыгын билдирип, учурда аны бир нече жүз адам алгандыгын айткан.
"Бүгүнкү күндө өлкө боюнча Sinopharm вакцинасын 700дөн ашуун адам алды. Медиктердин айтымында, вакцина алгандардын бардыгынын абалы канааттандырарлык, кандайдыр бир олуттуу терс таасирлери байкалган жок. Биз үчүн тобокелдик зонасына кирген жарандарды вакцинациялоо артыкчылыктуу маселе болуп саналат", — деген Марипов.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт, соода, инвестициялар, өлкөлөр ортосундагы авиакаттамдардын жандандырылышы жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын катарында "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын ишин талкуулаган.
COVID-19дан эмделгендер жана эмделчүлөр билиши керек. Түйшөлткөн 9 суроого жооп
Марипов белгилегендей, көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын толук кандуу иши тараптардын кызыкчылыгына дал келген жүк ташуулардын көлөмүн жогорулатууга жана мындан ары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт", — деп билдирген маалымат кызматы.
Өкмөт башчы Ду Дэвэнге кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле келечекте Кыргызстан-Кытайдын эки тараптуу мамилелерин, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даярдыгын билдирген.