Бишкекте изделип жаткан Альбина Бапиева аман-эсен табылды

Милициянын маалыматына караганда, кыз Ленин айылынан табылган. Ал кафеге жумушка орношуп, үй-бүлөсү менен байланышкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынан дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Альбина Бапиева табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Октябрь РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Альбина 8-апрель күнү саат 8:00дөр чамасында 7-кичи райондо жашаган батиринен чыккан боюнча кайтып келбегендиктен кыздын жакындары милицияга кайрылышкан.
Милициянын маалыматына караганда, кыз Ленин айылынан табылган. Ал кафеге жумушка орношуп, үй-бүлөсү менен байланышкан эмес. Учурда Альбина Бапиева үйүндө экени айтылды.