БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. 10-апрель, ишемби күнү, республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +20...+25, Ысык-Көл өрөөнүндө +11...+16, Нарын аймагында +12...+17 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ош шаарында +23...+25, борбор калаада +21...+23 градуска жетери айтылды.