Үч титулдук беттешти камтыган UFC 261 мелдеши 24-апрелде АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтөт. Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камара Усман наамын коргоо үчүн Хорхе Масвидаль менен таймашат.
UFC 261 мелдешинин дагы бир күтүлгөн беттеши кыздар дивизионунун эң жеңил салмактагы экс-чемпиону Роуз Намаюнастун кытайлык Вэйли Чжан менен кармашы болот.
Белгилей кетсек, мелдешке коронавирус пандемиясы тушунда алгачкы ирет көрүүчүлөр киргизилет. Өткөн аптада промоушендин башчысы 15 миң көрүүчү келе турган бул спорттук иш-чаранын билеттери бир канча мүнөттө эле сатылып кеткенин айткан.