Милиция Бишкекте ала качып кетти деген кызды эки күндөн бери издеп жатат

Кыздын эжесинин айтымында, үч бала сиңдисин кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр.— Sputnik. Милиция Бишкекте белгисиз адамдар ала качып кетти деген 27 жаштагы кызды эки күндөн бери издөөдө. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, окуя 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кыздын эжесинин айтымында, үч бала сиңдисин кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.
Аталган факт Жазык кодексинин 175-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынган. 
"Учурда кыздын жана аны ала качып кетти делген белгисиз адамдардын кайда экенин тактоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат билдирмеде.
Кыздын жакындары милициядан издөө иштерин тездетүүнү өтүнүүдө.