Диетолог толуп кетпеш үчүн канча таттуу жегенге болорун айтты

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму күнүнө кумшекердин көлөмүн 50 граммдан ашырбоону сунуштайт. Айрым адистер бул көрсөткүчтү 25 граммга чейин түшүрүшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Ден соолукка залака келтирип же толуп кетпеш үчүн киши аптасына 1-2 гана жолу таттуу жеши керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Москванын Саламаттык сактоо департаментинин башкы диетологу Антонина Стародубова билдирди.
"Аял-эркек, чоң-кичинесине карабай эреже бардыгына бирдей. Таттуу канчалык аз болсо, ошончолук жакшы. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму күнүнө кумшекердин көлөмүн 50 граммдан ашырбоону сунуштайт. Айрым адистер бул көрсөткүчтү 25 граммга чейин түшүрүшөт. Негизи кондитердик азыктарды, газдалган суусундуктарды тойгуча ичип-жегендин зарылдыгы жок", — деди Стародубова.
Ошондой эле адис балдар таттууну сыйлык катары көрбөшү керектигин эскертти.
Төшөк кумары машыгуудай эле арыктатабы? Адистердин пикири
"Көпчүлүк учурда баланын мектептеги жетишкендиктери же үйдөгү жардамы үчүн таттуу алып берип, мактайбыз. Бул туура эмес. Бала кичине кезинен эле момпосуй сыйлык эмес, жөн гана дем алыш же майрам күндөрү көңүл көтөрүп коюунун бир жолу экенин түшүнүшү зарыл", — деди дарыгер.
Болбой эле таттууну эңсеген адамдарга диетолог жер-жемиш, кургатылган өрүк, мейиз же мармелад жеп коюуну сунуштайт.