БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкекте мектептер 12-13-апрелде гана убактылуу жабылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева билдирди.
Анын айтымында, мектептер толугу менен аралыктан окууга өтпөйт.
"Ордо калаадагы эпидкырдаалдан улам Бишкектин мектептери 12-13-апрелде гана жабык болот. 14-апрелден тарта кадимки тартипте окуу башталат. Эки күндө шаардык кеңешке шайлоо өткөн соң имараттардын ичи тазаланат", — деди Иманалиева.
Ал шайлоо участоктору жайгашкан бала бакчалар гана 8-апрелден 14-апрелге чейин жабылып жатканын кошумчалады. Андан кийин бөбөктөр бакчага бара баштайт.
Эске салсак, буга чейин мэрия борбор калаадагы бала бакчалар кайрадан жабылып, мектептер аралыктан окууга өтө турганын билдирген.