Уланбек Асанов Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды

Соцфонддун мурдагы төрагасы Медер Ирсалиев кол алдындагылардан мыйзамсыз акча талап кылган деген шек менен кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Социалдык фонддун төрагасы болуп Уланбек Асанов дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун сайтына чыккан маалыматта жазылган.
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Социалдык фонддун төрагасы болуп Уланбек Асанов дайындалды
"Мекеним Кыргызстандын" лидери Мирлан Бакиров Маммүлктүн төрагасы болду
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 19-ноябрында ошондогу Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевди УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы кармаган. Ал кол алдындагылардан мыйзамсыз акча талап кылган деп айыпталууда. Анын алдында ушундай эле айыптоо менен Социалдык фонддун аппарат жетекчиси Акылбек Байдылдаев да кармалган.