Бүгүн Бишкекте Азия жана Океания чемпионаты башталат

Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтмөкчү. Чемпионат олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында турат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкекте бүгүн старт ала турган дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында күч сынаша турчу өлкө спортчуларынын тизмеси белгилүү болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Ага 32 мамлекеттин спортчулары катышат.
Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтмөкчү. Чемпионат олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында турат.
Турнирге катышчу дзюдочу балдар:
Мелдеште күч сынашчу дзюдочу кыздар:
Белгилей кетсек, чемпионатта медалдын 15 топтому ойнотулат. Спорт агенттиги мелдеш көрүүчүсү жок өтөрүн, бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталарын билдирди.