Бишкектеги жогорку окуу жайга Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталды

Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинде бир нече сунуш айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясына көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталууда. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 2
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясына көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталууда
2 / 2
Бүгүн Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмеси болгон
Бүгүн Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмеси болгон. Президенттин жарлыгына ылайык, иш-чара мамлекеттик деңгээлде өткөрүлөт.
Кеңешменин мүчөлөрү мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүк калтырууга багытталган иш-чараларды, анын катарында Жусуп Абдрахмановдун өмүрү тууралуу көркөм тасма тартуу, эл аралык илимий конференция өткөрүүнү сунушташкан.
Жусуп Абдрахманов отуруп иштеген стол Тарых музейине берилмей болду. Сүрөт
Ошондой эле ысымын Президентке караштуу башкаруу академиясына ыйгаруу, Кыргыз Республикасынын баатыры наамын берүү маселеси талкууланган. Аны менен бирге Абдрахмановдун күндөлүгүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн ЮНЕСКОнун "Дүйнө эстелиги" программасынын консультативдик комитетине кайрылуу демилгеленген.
Премьер-министр бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулушу зарыл экендигин айткан.
Премьер-министр бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулушу зарыл экендигин айткан
"Жусуп Абдрахманов – заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө олуттуу салым кошкон белгилүү мамлекеттик ишмер. Анын өмүр жолу Кыргызстандын ар бир жаранына, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге үлгү болушу тийиш", — деди Марипов.
Жыйынтыгында киргизилген сунуштарды эске алуу менен планды толуктап иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.