Египеттеги мумиялардын көчүрүлүшүнөн тарта АКШдагы торнадого чейин. Апта ирмеми

Sputnik

Иерусалимде (Израиль) сыйынуучулар жана кечилдер (монах) бейшемби күнү Ыйык сыйынуу чиркөөсүндө Иисус Христостун сөөгү коюлган Кувуклиянын айланасында жүрүш жасашты.

Баткен облусунда командалык-штабдык жана мобилизациялык аскердик окуу-машыгуу өткөрүлсө, АКШнын Алабама штатында катуу торнадо болуп, бир нече киши каза тапкан.

Темир тулпардагы сулуулар. Motorsport Expo — 2021 көргөзмөсүнөн 11 сүрөт
Волгограддын (Россия) Мамаев курган аймагындагы "Родина-мать зовет!" монументинде жарака сызыгы пайда болгону тууралуу билдирүүдөн кийин РФтин Маданият министрлигинен атайын комиссия жиберилди.

Кыргызстанда 1-апрелде аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаап, бороон-чапкын менен коштолду. Соцтармактарда кышкы кийимин, унаалардын жайкы дөңгөлөктөрүн чечкен бишкектиктерге табият өзүнчө тамашасын тартуулаганы айтылды.

Мандалайда (Мьянма) 1-февралда болгон аскердик төңкөрүшкө каршы митинг өтсө, Испаниянын Севилья шаарында улуттук кийимдердин салттуу мода көргөзмөсү уюштурулду.

Каирде (Египет)  египеттик 22 фараондун мумиясы жаңы музейге көчүрүлүп, ал чоң салтанат менен коштолду.

1 / 15
Лондондун Гайд-паркында сууга түшүп жаткан кыздар
2 / 15
Москвада көчөдө аял гүл сатып жатат
3 / 15
Сыйынуучулар жана монахтар бейшемби күнү Иерусалимдеги Ыйык сыйынуу чиркөөсүндө Иисус Христостун сөөгү коюлган Кувуклиянын айланасында жүрүш жасашты
4 / 15
Испаниянын Севилья шаарында өткөрүлгөн улуттук кийимдердин салттуу мода көргөзмөсүнүн алдында башы айланып кулаган моделге аялдар жардам берип жатышат
5 / 15
КР президенти Садыр Жапаров Баткенде өткөн "Коопсуздук–2021" аталышындагы масштабдуу аскердик окуу-машыгууда сөз сүйлөп жатат
6 / 15
Мамаев кургандагы "Родина-мать зовет!" монументине жарандар келишүүдө. Аталган монументте жарака сызыгы пайда болгону тууралуу билдирүүдөн кийин РФтин Маданият министрлигинен атайын комиссия жиберилди
7 / 15
Бразилиянын Сан-Паулу шаарында полиция санитардык эрежелерди бузгандарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзгөн операциясында түнкү клубга келген кыздар бетин жашырып жатышат
8 / 15
АКШнын Алабама штатында катуу торнадо болуп, бир нече киши каза болду
9 / 15
Бишкекте Jaz Demi аталышындагы массалык марафон өттү. Катышуучулар баш калаага кире бериштеги "Аска-Таш" мемориалынын жанынан чуркап баштап, кайра ошол жерге марага келишти.
10 / 15
Мексиканын түндүгүндөгү Герреро-Негр лагунасында (көл) туристтер боз китти сылаганга аракет кылышууда
11 / 15
Мьянмада мотоциклчен киши Мандалайдагы нааразычылык акциясы учурунда күйүп жаткан дөңгөлөктөрдүн жанынан өтүүдө. 1-февралдагы төңкөрүштөн кийинки митингдер башталгандан бери өлкөдө кеминде 550 адам каза болгон, алардын 46сы балдар. Аскер кызматкерлери бийликти басып алышкан.
12 / 15
Малинин Томбукту шаарында салттуу кийинген имам Жингеребер мечитинин ичинде бара жатат
13 / 15
Дарыгерлер Индиянын Калькутта шаарында жазгы Холи боёктор фестивалын майрамдашууда
14 / 15
Кыргызстанда 1-апрелде күн кескин сууктады. Бишкекте күндүз бороон-чапкын болуп, авариялык өчүрүүлөр катталды.
15 / 15
Каирде 22 фараондун мумиясы көчүрүлүп, ал чоң салтанат менен коштолду. Күн батарга жакын мумиялар салынган табыттар жүктөлгөн атайын арабалар Тахрир аянтынан тарта Нил дарыясынын жээгин бойлой жөнөштү.
Өлкөнүн туризм министри Халед аль-Анани буга чейин жаңы музейге ташылган мумиялар мамлекет башчылары катары урматтала тургандыгын айткан.