Жапаров Түштүк Кореядан студенттер үчүн квота сурады

Президент шаар куруу, гидроэнергетика, тоо-кен жана текстиль, өнөр жай сыяктуу тармактарга кореялык ишкерлердин келишине кызыкдар экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореядан билим берүү чөйрөсүндө кызматташууну кеңейтип, Кыргызстандын студенттери үчүн стипендиялык билим берүү программаларынын квоталарын көбөйтүүнү өтүндү. Бул тууралуу Жапаров Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Пак Бён Сокту кабыл алганда сөз болду.
1 / 3
Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореядан билим берүү чөйрөсүндө кызматташууну кеңейтип, Кыргызстандын студенттери үчүн стипендиялык билим берүү программаларынын квоталарын көбөйтүүнү өтүндү
2 / 3
Улуттук ассамблеясынын төрагасы Пак Бён Сокту кабыл алганда сөз болду
3 / 3
Өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Жапаров студенттер менен мугалимдерди алмашуу программаларын карап көрүүнү сунуштады
Өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Жапаров студенттер менен мугалимдерди алмашуу программаларын карап көрүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, мамлекет башчы Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын айтты.
"Бул максатта биз өлкөдө саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, анын ичинде чет элдик инвесторлорго зарыл болгон кепилдиктерди берүүгө, ачык экономикага, либералдык соодага, валюта режимине жана ыңгайлуу салык базасына багытталган өзгөрүүлөр бар", — деди ал.
Ошондой эле президент шаарларды, аймактарды өнүктүрүү, гидроэнергетика, тоо-кен жана текстиль тармагы, өнөр жай, транспорт чөйрөлөрү, туристтик объектилерди, аэропортторду куруу сыяктуу жаатта Кыргызстан кореялык ишкерлердин келишине кызыкдар экендигин билдирди.
Жапаров афган кыргыздарын кышка чейин көчүрүп келүү ниетин билдирди. Сүрөт
Өз кезегинде Пак Бён Сок корей тараптын Кыргызстанга инвестицияларды көбөйтүү ниети бар экенин билдирди.
"Кыргызстандын билим берүү жана курулуш жаатында кызматташуу боюнча көтөргөн демилгелерин кубаттайбыз. Кыргызстан бизди кызматташуу жаатында кызыктырат. Жаратылышы бай жана туризмди өнүктүрүүгө бардык шарттар бар", — деди Пак Бён Сок.
Ал коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам токтоп турган башка чөйрөдөгү кызматташууларды да тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.