Бейшеналиев: Россиядан 500 миң доза вакцина сатып алууга буюртма бердик

Министрдин айтымында, препараттардын бул партиясы акысыз бериле турган вакцинадан эртерээк келери күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстан Россияга "Спутник V" вакцинасынын бир миллион дозасына буюртма берди. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, алып келүү боюнча макулдашуу вакцинациялоо боюнча улуттук программаны иштеп чыгуу учурунда түзүлгөн.
"Биз Россия менен келишим түзүп, бир миллион дозага буюртма бердик. Анын ичинде акысыз бериле турган 500 миң доза вакцина дагы бар", — деди министр.
Буга чейин Бейшеналиев Кыргызстан россиялык вакцинаны сатып алуу үчүн 215 миллион сом бөлүп жатканын маалымдаган. Ошондой эле ал препараттардын бул партиясы акысыз берилгендерден эртерээк келерин белгилеген.
Акысыз негизде алына турган 500 миң доза вакцина май же июль айында келери күтүлүүдө.