Быйылкы орозонун так датасы айтылды

Муфтият тараткан билдирүүдө Аалымдар кеңешинин №1 токтомунун негизинде орозо айынын биринчи күнү 13-апрелге белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы орозонун так датасы белгиленгенин кабарлады.
Муфтият тараткан билдирүүдө, Аалымдар кеңешинин №1 токтомунун негизинде рамазан айынын биринчи күнү 13-апрелге белгиленген. Башкача айтканда, 13-апрелге караган таңда ооз бекитилет.
Муфтият быйыл Орозо айы 13 же 14-апрелге туш келерин айткан. Sputnik Кыргызстан агенттиги Орозонун календарын жарыялады.