"Коопсуз шаардын" айып пулу канчага азаят? ЖКККББнын жообу

Өкмөт башчынын тапшырмасынан кийин ЖКККББ "Коопсуз шаардын" айып пулун азайтуу боюнча комиссия түзгөн. Анын биринчи кандай демилгелерди көтөрүп жатканына көз салдык.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздаган башкы башкармалык жол эрежелерин бузгандарга салынган айып пулду азайтуу боюнча атайын комиссия түзгөн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга жол милициясынын маалымат кызматынан айтып беришти.
"Коопсуз шаардын" айып пулуна макул эмессизби? Каякка кантип даттанса болот
ЖКККББдан комиссия үч күндүн ичинде бул маселе боюнча өкмөткө сунушун берерин, ал жерден акыркы чечим кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна коюларын айтып беришти.
"Азыр айдоочулар айып пулду өз учурунда төлөсө 50 пайыздык жеңилдик алып жатышат. Жол милициясы бир нече мыйзам бузууларда аны 70 пайызга түшүрүүнү сунуштоодо. Кеп биринчи категорияда каралган 1 000 сом туурасында болууда. Камера 1000 сомдук эреже бузууну жазып, айдоочу 15 күндүн ичинде ал айыптан кутулам десе, 300 сом төлөйт", — деди ЖКККББнын маалымат катчысы Тилек Исаев.
Айыпты өз учурунда төлөгөнү үчүн 70 пайыздык жеңилдикти Эреже бузуулар кодексинин 123 (1-бөлүгү), 123-1-беренелеринин (1-бөлүгү) негизинде салынгандарга киргизүүнү сунуштап жатышат.

70 пайыздык жеңилдик кайсы тартип бузууларга салынат?

"Коопсуз шаар" Бишкекте 2019-жылдын мартынан тарта иштей баштаган. Бир нече айдан кийин элдин нааразылыгынан улам өкмөт айып пулдардын көлөмүн азайткан.