Үчүнчү ирет! Макгрегор Порье менен качан беттешери так айтылды

UFC атлеттеринин экинчи беттеши быйыл 24-январда болуп, анда америкалык мушкер ирландиялыкты сулата чаап уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор менен Дастин Порье үчүнчү жолу беттешүүгө макул болуп, убактысын такташты. Бул тууралуу ESPN телеканалы жазды.
Ага ылайык, мушкерлер UFC 264 турниринин алкагында Лас-Вегаста 10-июлда кармашмай болду. Спортчулар кеченин башкы беттешинде жолугушат.
Ал арада Макгрегор америкалык спортчу менен кармашарын жеке баракчасы аркылуу дагы жар салып, атаандашын "жок кыларын" айтты.
​Ал эми Дастин Конордон улам чемпиондук кур үчүн боло турчу титулдук беттешинен баш тартканы айтылды. Муну UFC президенти Дана Уайт да тастыктаган.
"Бул беттешти өзү тандады. Мен чечимди туура деп ойлойм. Буга чейин башка мушкерлер өзүнө пайдалуу беттешке караганда бел кур үчүн кармашты тандап кетип, катачылык кетирип алган учурлар кездешкен", —деген Уайт.
​UFC атлеттеринин беттеши быйыл 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өткөн. Анда америкалык мушкер ирландиялыкты таймаштын экинчи раундунда сулата чаап уткан. Муну менен Макгрегор карьерасында алгачкы ирет нокаутка түшүп жеңилген.
Спортчулар алгач 2014-жылы жолугуп, анда Конор Порьени нокаут менен уткан.