Жапаров Суваналиевге 1-класстагы мамлекеттик кеңешчи чинин тапшырды. Сүрөт

Сыйлыкты башкы кол башчы Баткен облусуна болгон иш сапарынын учурунда тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Баткендин башчысы Өмүрбек Суваналиевге мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини ыйгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Сыйлыкты президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапар менен барган учурда тапшырган.
1 / 2
Буга чейин генерал-майор болду деген Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаевге да наамы Баткенде берилген
2 / 2
Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевге мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини ыйгарылган
Буга чейин генерал-майор болду деген Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаевге да наамы Баткенде берилген. Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевге мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини ыйгарылган.
Мекенди коргоодон ыйык милдет жок. Жапаров Баткенде машыккан аскерлерге кайрылды
Ошондой эле бир катар аскер кызматкерлери башкы кол башчыдан энчилүү сааттарды жана алкыш жарыяланган баракчаларды алышкан.
Президент Жапаров кечээ, 3-апрелде, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Коопсуздук — 2021" жана "Калыптандыруу — 2021" аскердик машыгууларынын жабылыш аземине катышкан.