Жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы

Бүгүн Бишкекте күн ачык болуп, абанын температурасы 23 градуска жетиши ыктымал. Бирок кечке маал күндүн көзү бузулуп, жаан жаашы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 4-апрель күнү Бишкекте күн ачык болуп, абанын температурасы 23 градуска жетиши ыктымал. Бирок кечке маал күндүн көзү бузулуп, жаан жаашы мүмкүн. Аптанын экинчи жарымы жылуу болот.
Күн жылыйбы? Апрель айына карата аба ырайы
5-апрель күндүз жана 6-апрель түнкүсүн өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 4-апрелде күндүз жана 5-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
6-апрель күндүз жана 7-8-апрелде күн кайра жылып, жаан жаабай турганы айтылды.
9-апрелде жана 10-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы ыктымал. Калган аймактарда күн ачык болуп, абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.