Бишкектин чок ортосунда элге кол салган ит. Милиция иш козгоду

Жаныбар кол салган өспүрүмгө соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Окуя боюнча иш козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Милиция Бишкектин чок ортосунда иттин элге кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда жаныбардын ээси изделүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Свердлов РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин интернетке чоң ит окуучу бала менен аялга кол салып, аларды тиштеген видеосу тараган. Көчөдө өтүп бара жаткандар баланы иттен араң сууруп алышкан. Жаныбар бош болчу.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя 1-апрель күнү болжол менен саат 19:00дө Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Бишкекте ээси менен бараткан ит көчөдөгү аял менен балага кол салды. Күбөнүн видеосу
Окуядан кийин милицияга бул боюнча эркек кишиден арыз келип түшкөн. Ал 12 жаштагы баласын ит тиштеп кеткенин айтып, бул тууралуу ага башкалар телефон чалып айтканын билдирген. Окуучу баланы Тез жардам кызматы менен №3 балдар ооруканасына жеткиришкен.
Факты боюнча Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен иш козголду. Баланын канчалык оор жаракат алганы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот.
Милиция учурда иттин ээсин издөөдө.