Дипломаттын өлүмү. Дарыгерлер анын болжолдуу диагнозун айтышты

ТИМ кызматкеринин өлүмү боюнча учурда эки комиссия иштеп жатат. Бири Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлсө, экинчиси дипломат көз жумган ооруканада түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Алдын ала божомол боюнча, каза болгон Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркачу. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дипломаттын өлүмүн изилдөө боюнча түзүлгөн комиссиянын башчысы Амантур Жумаев билдирди.
Анын айтымында, соттук-медициналык экспертизанын өкүлдөрү анализ алуу үчүн 2-апрель күнү сөөктү ачышкан.
"Негизи изилдөөнүн жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат. Бирок аларга бул ишти эки жумада бүтүрүү тапшырмасы берилди. Жүрөк-кан тамыр оорусу — бул алдын ала айтылган эле божомол. Учурда дипломаттын өлүмү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде өзүнчө, ооруканада башка комиссия иштеп жатат", — деди Жумаев.
Эске салсак, кечээ ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көз жумган. Буга байланыштуу аталган оорукана жетекчиси баш болуп, башкы дарыгер, лор бөлүмүнүн башчысы жана медайым убактылуу кызматтан четтетилген.
Кытай элчилиги дипломаттын өлүмү тууралуу окуяга жооп кайтарды
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин күнөөлүүлөргө чара көрүлөрү айтылган.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкылардан болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.
Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маркумдун аты эмделгендердин тизмесинде жок экенин билдирген. Министрлик Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин таппаганын, акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болорун маалымдады.
Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги такталбаган мындай маалымат эки өлкөнүн достугуна көлөкө түшүрүп жатканын билдирген.