Бишкекте ээси менен бараткан ит көчөдөгү аял менен балага кол салды. Күбөнүн видеосу

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 2-апрелде Абдрахманов менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда чоң ит окуучу бала менен аялды тиштеп алганын күбөлөр жазышты.
Соцтармакка окуянын видеосу жарыяланды. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 2-апрелде Абдрахманов менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Ит кол салса эмне кылыш керек. Адистердин пикири
Видеодо көрүнүп тургандай, байланбаган ит окуучулардын тобуна кол салып, бирөөнүн бутунан коё бербей тиштеген. Жаныбардын ээси аны байлаган жиби менен сабаган, бирок майнап чыккан эмес.
Баланын иттен бошонуусуна көчөдөн өтүп бараткандар жардам берген. Андан кийин жаныбар ошол жерде окуучуга жардам берип жүргөн аялга кол салган.
Ээси аны чапкылап жатып акыры ит ары басып кеткен. Ошону менен видео бүтөт. Милиция окуя териштирилип жатканын билдирди.