Жапаров 2010-жылкы июнь окуялары боюнча материалдарды изилдеп чыгууну тапшырды

2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык чыр чыгып, жүздөгөн жарандар каза болуп, миңдеген киши жаракат алган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине 2010-жылы болгон окуялар боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Үзөңгү-Кууш Кытайга кантип өткөн? 1,5 кылымдык сүйлөшүүнүн тарыхы
Мамлекет башчы жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгында мамлекеттик органдар кабыл алган чечимдер тууралуу маалымат берип турууну тапшырды. Ошондой эле мыйзамдуулукту жана объективдүүлүктү сактоо менен тиешелүү чечимдерди кабыл алуу тапшырмасы берилген.