БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ыйык Рамазан (орозо) айына эки апта калганда жеке коргонуу эрежелерин сактоо боюнча мусулмандарга кайрылды. ДССУнун билдирүүсү БУУнун сайтына чыкты.
Анда мусулмандардын жамаатташкан диний жөрөлгөлөрү коронавирустун жайылышына себеп болору белгиленген.
"Вирус каптаган өлкөлөрдүн жарандары адамдардын топтошуусу кооптуу экенин унутпашы керек. Жыйындарды кыскартып же кийинкиге жылдыруу зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.
Өзгөчө, оору кайрадан көбөйүп жаткан тушта элдин чогулушу илдеттин жайылышына себеп болуп, жаңы очокторду козгошу мүмкүн экендиги белгиленди.
Ыйык Рамазан айында мусулмандар убактысынын көбүн мечитте өткөрүп, кечинде ооз ачарга чогулушат.
"Массалык иш-чаралардын баарын таза абада өткөрүү туура. Ага аз адам каташып, кыска мөөнөткө созулушу керек. Эгерде имарат ичинде чогулууга туура келсе, анда аны өз убагында желдетип туруу зарыл", — деп белгиледи ДССУ.
Мечиттерде даарат алуучу жайлардын баары самын менен камсыздалып, келгендерге дезинфициялык каражаттар жана бир жолку пайдалануучу кол аарчылар берилиши шарт.
ДССУнун эксперттери ар бир инсан мечитке өзүнүн жай намазы менен келүүсүн сунуштап, аралыкты сактоо боюнча үзгүлтүксүз эскертип турууга кеңеш берди. Мындан тышкары, адистер ифтарга чогулуунун ордуна тамак-ашты таңгактап муктаждарга берүүгө чакырган.