Журналисттерди куугунтуктоо: Батыш Прибалтиканын ийгиликтерине көз артууда

Прибалтика республикасы орус тилдүү журналистиканы кысмакка алууну улантууда. Мурдагы күнү Эстонияда мамлекетке каршы ишмердик жүргүзгөн деген айып менен укук коргоочу, публицист, Baltnews маалымат агенттигинин автору Сергей Середенко кармалган.
Sputnik
Латвиянын Башкы прокуратурасы Baltnews жана Sputnik Латвия порталдары (экөө тең "Россия сегодня" ЭМА медиа тобуна кирет) менен кызматташкан жана ушуга байланыштуу Европа биримдигинин санкция режимин бузууга айыпталып жаткан Алла Березовскаяга карата ачылган кылмыш ишин жабуудан баш тартты.
Гимназияда короо шыпырган (коомдук ишмердигинин айынан ишке орношо албаган) жана публицистикалык макалаларды жазган Середенко "Эстонияга каршы багытталган кылмыш жасоону көздөгөн чет элдик мамлекеттин тапшырмасы боюнча" кандайча аракеттенгени түшүнүксүз. Анын иши боюнча айыптоолордун чоо-жайы азырынча белгисиз. Ошентсе да латвиялык прокуратура Березовская жана анын кесиптештери тарабынан жасалган кылмыштардын маңызы эмнеде экенин тактап өттү. Маселенин чоо-жайына баам салган Ирина Алкснистин макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Россиялык ЖМК менен иштешкен журналист: неберемдин планшетине чейин текшеришти
Кеп ЕБдин "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселевго каршы киргизген жеке санкцияларында. Мындай чаралар белгилүү болгондой кара тизмедеги кишинин тийиштүү мамлекетке киришине тыюу салынып жана эгер активдери болсо тоңдурулушун боолголошот.
Рестрикциялардын аталышынын өзүндө алардын жеке мүнөздөмөсү баса белгиленет. Ал эми ЕБдин санкциялар жөнүндөгү регламенти "санкция коюлган жактарга кандайдыр каражат же чарбалык ресурстардын түз же кыйыр берилишине тыюу салууну карайт".
Анан калса "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги — менчик эмес, мамлекеттик мекеме. Дмитрий Киселев анын ээси эмес, ал агенттиктин кызматкери.
Жалпысынан медиа топ да, анын бөлүмдөрү да батыштын санкциялык тизмелеринин эч бир түрүндө жок. Андан ары укуктук куулуктар башталат.
Алла Березовская жана анын кесиптештери Baltnews жана Sputnik Латвия үчүн жазган макалалары латвиялык укук коргоо органдары тарабынан санкцияланган жактарга берилген чарбалык ресурс катары каралууда.
Негизи журналисттик материалдардын тексттери "чарбалык ресурстар" параметрлерине шайкеш келбестигин белгилеген жактоочунун кайрылуусу прокуратура тарабынан четке кагылган.
Журналисттер ири медиатүзүмдүн жетекчисине каршы киргизилген санкциялар жөнүндө билүүгө милдеттүүбү? Бул өзүнчө бир суроо.
"Россия сегодня" менен кызматташкан журналист: бийлик бизди коркутуп жатат
Укуктук амалкөйлүктүн чегинде кырдаал алда канча жөнөкөй жана түшүнүктүү: Прибалтикалык мамлекеттерде россиялык басылмалар жана орус тилдүү журналисттерди куугунтуктоо анык саясий өңүттө. Бул өлкөлөрдүн бийлиги улуттук коопсуздукка коркунуч катары каралган күчтөр менен күрөшүүгө багытталган. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарын ушундай нерсеге айыптоо аталган мамлекеттердеги жагдайдан кабар берет. Ошол эле убакта тек гана прибалтикалык бийликти зекий берүү да адилетсиз. Акыры алардын ишмердиги толугу менен Батыштын модага айланган жана актуалдуу көрүнүштөрүнө төп келип турат эмеспи. Баш ийбеген глобалдык медиа тазалоо — айрыкча океан ар жагында адатка айланган тренд, ал эми сөз эркиндиги салты тез эле унуткарыла түшөт.
Прибалтика үчүн географиялык, тарыхый жана коомдук факторлордон улам "орус коркунучу" биринчи орунда турат. Кошмо Штаттар жана Батыш Европа эң прогрессивдүү демилгелердин тарапташтарынын катарына кирбеген өз "реакционерлери" менен күрөшкө көбүрөөк чөмүлгөн. Антсе да Кремлдин медиа топтору туурасында да унутушпайт.
Социалдык медиада трампчыларды тазалоо жана консервативдик аянтчаларга күн көрсөтпөө аракетинин майнаптуулугу таасирлентпей койбоду. Болгону мындай нерсе баары бир көйгөйдү түп-тамырынан чечип жибербейт. Бийликке ыңгайсыз жана "туура эмес" пикирлерди алардын артында коомдун басымдуу бөлүгү, миллиондогон адамдар турганда толук бөгөттөө мүмкүн эмес. Адамдар оюн жеткирүү жана кулак салууну талап кылуунун ыгын табат. Дал ушунда Прибалтикалык мамлекеттердин эбегейсиз артыкчылыгы бар. Жакшы жашоону издеп сыртка агылгандардын аягы үзүлө элек. Бийликтин эч кандай чечимине коомчулук каршы чыкпайт. Өз укугун коргой турганы деле калбай барат. Журналисттерди коргоп чыкканга киши жок. Бюрократиялык аппаратка абал жагымдуу жана ыңгайлуу болуп калды.
Бул өлкөлөрдөгү тажрыйба мамлекеттик аппараттын жакшы иштеши жана "толук кандуу чыныгы мамлекет" катары көрүнүүгө тырышууга бул эч таасир этпестигин көрсөтөт.