"Азиянын жүрөгүн дарылоо". Кыргызстан Афганистанга эмнеге жардам бериши керек

Афган радикалдарынын жаңы мууну жаратып жаткан кооптуулуктан коргоп чыгым тарткандан көрө азыр афган элине жакырчылык менен күрөшүүгө, мектептерди курууга көмөк көрсөтүү оңой дейт эксперт.
Sputnik
Душанбе шаарында Афганистан боюнча өткөн ири конференцияга афгандыктарды жарандык чыр-чатактардан дарылоо зарылдыгын айткан "докторлор" ого эле көп чогулду. Бирок айрым адистердин сунуштаган рецеби бири-бирине караманча каршы келгени ойго салууда.
Министрлердин деңгээлиндеги "Азия жүрөгү — Стамбул процесси" деп аталган IX конференция 29-30-март күндөрү жарым-жартылай виртуалдык форматта өттү. Ага 18-мартта Москвада өткөн жыйынга караганда алда канча көп мамлекет катышты. Эгер РФ борборуна Афганистанда чырдашып жаткан бардык өлкөнүн өкүлдөрү  (Россия, АКШ, Кытай, Пакистан) келсе, Душанбеде Афганистандагы кырдаал түз таасир этип, абалды жөнгө салууга чындап кызыкдар тараптар жолукту.
"Чогуу жооп беребиз". НАТО Россиядан сырткары кимден кооптонот?
Конференциянын ээси, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "Афганистандагы кризис — жалпы көйгөй" деп туура айтты. Мында кеп айрым коңшу мамлекеттердин (Тажикстан, Пакистан ж.б.) Афганистан менен маданият, диний ишеними, айрым учурда тили жакын болуп, каны бир экенинде да эмес. Маселе Афганистандын Азиянын чок ортосунда (жүрөгү) жайгашканында, анын абалынан чындап эле чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдүн "саламаттыгы" көз каранды экенинде.
"Дарылоо" демилгесин Россия, Азербайжан, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, БАЭ, Пакистан, Сауд Аравиясы, Тажикстан, Түркмөнстан жана бир катар тышкы оюнчулар менен эл аралык уюмдар көтөрүп чыккан.
"Жүрөктү дарылоо" принциби жалпы жонунан түшүнүктүү — америкалык аскерлерди чыгарып, Талибандын катышуусу менен коалициялык өкмөттү куроо зарыл. Кептин баары муну кантип иш жүзүнө ашыруу керек деген маселеде.

Орун бош калбайт

АКШнын аскерлерин чыгаруу оңой эмес. Талибдер менен 2020-жылы Дохада жүргөн сүйлөшүүнүн шарты боюнча АКШ 1-майга чейин Афганистандан аскерин чыгарып кетиши керек. Ооба, Америка президенти Жо Байден "техникалык себептерден улам" операцияны мөөнөтүндө аткаруу оор экенин белгиледи. Ооба, мамлекеттик катчы Энтони Блинкен да 1-майга чейин аскердик күчтөр чыкпай калышы да мүмкүн экенин кыйытып, НАТО боюнча союздаштарды аныктоо зарыл экенин айтып жатат. Бирок азырынча баары тең ушул күнгө карай түздөнүүдө.
Андан кийин эмне болот? Афган бийлиги кантип куралып, кантип иштейт? Бул маселеде өлкөлөр ортосунда пикир келишпестик байкалууда.
Кыргызстан менен Афганистан Памир кыргыздарынын жашоосун жакшыртарын айтты
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Джавад Зариф Афганистан боюнча жетишилген бардык тынчтык макулдашуулар афган элинин өз тагдырын аныктоо укугун кепилдеши керектигин белгиледи. Индия да ушундай эле көз карашта сыяктанат. Өлкөнүн Россиядагы элчиси Венкатеш Варманын айтымында, республика "афгандыктардын жетекчилиги, катышуусу жана көзөмөлү менен элдешүүгө жасалган бардык аракеттерди колдойт". Бирок иш жүзүндө Иран менен Индия "колдоону" эки бөлөк түшүнүп жатканы айгине болуп турат.
Эгер ирандыктар Афганистан "өз тагдырын" америкалыктарсыз аныкташы керек десе, Нью-Дели афган саясаты Пакистандын кийлигишүүсү жок жүргүзүлүшү керек деген пикирде. Ал эми Пакистан АКШдан айырмаланып Афганистандан кетүү тууралуу ойлонгон да жок, ал бул өлкөнү Исламабадга эч кандай аймактык доомат койбогон өзүнүн ишенимдүү, туруктуу ооругуна айландырып алууну көздөйт. Бул үчүн пакистандыктарга Кабулдун ички турмушуна Индиянын кийлигишүүсүн болушунча кыскартуу зарыл. Ал эми Афганистандагы ар кандай долбоорлорго 3 миллиард доллар бөлгөн Индия аймактан чыкпайм деп турат.

Компромисс жана айкөлдүк

Душанбедеги жолугушуу жогоруда айтылган пикир келишпестиктердин баарын талкуулоочу аянтча болуп берди. Компромисс табылбаса ири державалар Афганистанды эки тараптуу чыр-чатакка пайдалана берери айдан ачык. Башкача айтканда, Иранга, Пакистанга, Кытайга, Орто Азия мамлекеттерине (алар аркылуу Россияга) чабуул улана бермекчи. АКШнын ашууда ат алмаштырып, оюн шартын өзгөртүп иймей адатын көз жаздымда калтырбаш керек.
Ошону менен бирге эле бири-бири менен саясий компромисске барчу Афганистандын коңшулары экономикада да тил табышуусу эп. Башкача айтканда, инвестиция эле сала бербей, кээде кайтарымсыз жардам берип экономиканы калыбына келтирүү шарт. Москванын мисалындай.
20 жылда 193 млрд. доллар чыгым болгон. АКШ Афганистанда эмнеге жетишти?
"Россия Афганистанга гуманитардык жардам көрсөттү... 2020-жылдын ноябрь-декабрь айларында 300 тоннадан ашуун азык-түлүк жөнөтүлгөн. Көмөк көрсөтүүнү уланта беребиз", — деди РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров.
Афган бийлигине жакырчылык менен күрөшүүгө, калктын жай турмушка кайтуусуна жана жаштар үчүн жөнөкөй эле мектептерди куруп жардам берип, коңшу өлкөлөр өз коопсуздугуна инвестиция салууда. Анткени афган радикалдарынын жаңы мууну жаратчу коркунучтардан коргонууга жүз миллиондогон доллар короткондон көрө билим берүүчү жайлардын курулушуна миллиондогон доллар салуу алда канча жеңил эмеспи.
* Кыргызстанда, Россияда жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган экстремисттик уюм