Жапаров Түрк кеңешинин жыйынына катышып, эл аралык маселелерди талкуулайт

Бейрасмий иш-чара видеоконференция форматында өтөт. Ага алты мамлекеттин башчылары катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түрк кеңешинин видеоконференция форматындагы бейрасмий жыйынына катыша турганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарада эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылган.
Саммитке Казакстандын тунгуч президенти жана Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышары күтүлүүдө.
Жапаров БУУнун өкүлү менен жолукту. Талкууланган маселелер
Ошондой эле байкоочу-өлкө катары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, ал эми Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары чакырылган.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши — мамлекеттер аралык уюм. Анын башкы максаты — түрк тилдүү мамлекеттердин ар тараптуу кызматташтыгына көмөктөшүү. ТМКК ишмердүүлүгү өзүнө саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыйт.
Бүгүнкү күндө аталган уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан өлкөлөрү мүчө. Венгрия байкоочу макамына ээ.