Бюджетти колдоо үчүн ачылган эсепке 1,66 млрд. сом түштү. Которгон тараптар

Жыйналган акчанын 722,8 миллион сому республикалык бюджетке которулуп, калган 942,5 миллион сому эсепте сакталып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Республикалык бюджетти колдоо үчүн ачылган депозиттик эсепке 1 миллиард 665 миллион 353,7 миң сом түштү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин 26-мартка карата берген маалыматында жазылат.
Бул УКМК жана башка укук коргоо органдары тарабынан өндүрүлгөн, ошондой эле өз ыктыяры менен акча берген адамдардын каражаты экени белгиленет.
Камчы Көлбаев атайын эсепке 50 млн. сом которуп, дагы 200 млн. мойнуна илинди
Чогулган сумманын 1 миллиард 535 миллион 340,3 миң сому укук коргоо органдары тарабынан алынган.
Ал эми юридикалык жактардын ыктыярдуу түрдө берген каражаты 66,2 миллион сомду түзгөн.
Ошону менен бирге жеке тараптар да өз ыктыяры менен 63,8 миллион сом которгону айтылат.
Бүгүнкү күндө жыйналган акчанын 722,8 миллион сому республикалык бюджетке которулуп, калган 942,5 миллион сому атайын эсепте сакталып турат.