Садыр Жапаров дагы бир жетекчиге генерал наамын берди

Садыр Жапаров ушуну менен президент болуп шайланган үч ай ичинде беш адамга генерал-майор, бир адамга генерал-лейтенант наамын ыйгарды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчиси Эрлис Тердикбаевге генерал-майор жогорку аскердик наамы берилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эрлис Тердикбаев Генералдык штабдын башчысы болуп 29-майда дайындалган. Бул күнү Коргоо министрлигинде бир нече дайындоолор болгон.
Кыргызстанда канча адам генерал наамын алган. Тизме
Тердикбаев ага чейин КР Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы кызматын аркалап келген.
Кыргызстанда 2014-жылы аскердик тармактын башкы командалык органы Генералдык штаб деп түзүлгөн. Ушул жылдын 1-февралындагы президенттин жарлыгы менен кайрадан Коргоо министрлиги түзүлүп, Генералдык штаб министрликтин курамында калган.
Ушуну менен Садыр Жапаров президент болуп шайланган үч ай ичинде беш адамга генерал-майор, бир адамга генерал-лейтенант наамын берди.