БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Пакистандын президенти Ариф Алви эмделгенине карабастан коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасындагы постунда жазды.
Өлкө башчысы коомчулукту сак болууга чакырган.
"Менин COVID-19 жуктурганым аныкталды. Вакцинанын биринчи дозасын алгам, бирок антитело экинчи дозадан кийин пайда боло баштайт. Ал бир жумадан кийин сайылышы керек", — деген ал.
Белгилүү болгондой, президент жана анын жубайы Самина Алви Кытайдын Sinopharm компаниясы чыгарган вакцина менен Исламабадда эмделген. Алар 19-мартта 70 жаштан ашкандардын тобунда алгачкылардан болуп вакцина сайдырышкан.
"Президент Ариф Алвиде оорунун жеңил симптомдору байкалган, анын маанайы жакшы. Мен да тест тапшырдым, оору жуктурганым аныкталды, учурда карантиндемин. Биз вакцинанын биринчи дозасын алган элек. Иммунитет пайда болушу үчүн убакыт керек болот. Мен баарыңарды эмдөөдөн өтүүнү жана коронавируска каршы коргонуучу бардык талаптарды аткарууну суранам", — деп жазган Пакистандын президентинин жубайы Twitter баракчасына.
Белгилүү болгондой, өлкөнүн премьер-министри Имран Хан да эмдөө алгандан кийин коронавирус инфекциясын жуктурганы аныкталган.