"Мекеним Кыргызстандын" лидери Мирлан Бакиров Маммүлктүн төрагасы болду

Бакиров вице-спикерлик кызматта үч жыл отуруп, өткөн жылдын 22-декабрында бошотулган. Ошондон бери депутат катары иштеп жаткан болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды
Мирлан Бакиров вице-спикерлик кызматта үч жыл отуруп, өткөн жылдын 22-декабрында ээлеген ордунан бошотулган. Ошондон бери депутат катары иштеп жаткан болчу. Ал эми жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери болуп катышкан.