Ташиев элге чек ара маселеси боюнча келишимди түшүндүрөт. Жолугушуу графиги

Эл менен жолугушуу 30-31-мартка пландалган. Буга чейин УКМК жетекчиси менен өкмөттүк делегация Өзбекстанга барып чек ара боюнча протоколго кол коюшкан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев чек ара аймактарында жашаган калкка маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы айыл тургундары менен жолугушууда алар Өзбекстан менен болгон жер алмашуу келишими жөнүндө айтып беришет. Буга чейин эки өлкө протоколго кол койгон. Sputnik Кыргызстан Бөрүбаевдин карта менен түшүндүрүп берген видеосун жарыялаган.