БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы референдумда КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) мониторинг кылуу тобун Дилшод Рахмон жетектейт. Бул тууралуу буйрукка ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко кол койду.
Маалыматка караганда, Рахмон Тажикстандын парламентинде адам эркиндиги жана мыйзамдуулук комитетин жетектейт. Ошондой эле КМШ ПААсына туруктуу мүчөлүк кылат.
Аталган топтун курамына ассамблеяга мүчө өлкөлөрдүн депутаттары, кеңеш катчылыгынын мүчөлөрү, Демократияны өнүктүрүү, парламентаризм жана КМШ ПАА жарандарынын шайлоо укуктарын сактоо, демократия жана парламентаризмди өнүктүрүүнүн мониторинги эл аралык институтунун адистери кирди.
Жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум 11-апрелде өтөт.