Бишкектин алты көчөсүндө оңдоо иштери башталып, жолдор жабылат

Мэриядан эскертишкендей, апрелдин башында бул көчөлөр жарым-жартылай жабылат. Ал эми бир жумадан кийин толук чектөө киргизилет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкекте 1-апрелден тарта беш көчөдө жана Мурас-Ордо конушунун кире беришинде оңдоо иштери башталат. Көпүрө куруу дагы пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бул иштер "Бишкек шаарынын көчө жолдорун өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында аткарылып жатат.
Көчөлөрдүн тизмеси:
Ал эми көпүрө Ак-Босого конушундагы Архитекторлор көчөсүндөгү Кичи Чүй каналына курулат.
Мэриядан эскертишкендей, жамгырдан улам 1-апрелден тарта бул көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат. Ал эми 7-апрелден тарта толугу менен жабылат.
COVID жуктургандар көбөйсө Бишкекке кандай чектөөлөр киргизилет
Марттын орто ченинен тарта Бишкектин 14 көчөсүндө оңдоо иштери жүрүп жатат. Долбоордун экинчи фазасы эки жылга ылайыкталган. Бул убакыт аралыгында беш көпүрө куруп, жалпы узундугу 70 чакырымга жеткен 60 көчөнү оңдоо пландалып жатат. Тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилип же кайрадан курулат. Ошондой эле тротуарлар менен ирригациялык система пайда болот.
Каражатты Кытай өкмөтү грант түрүндө бөлгөн. Подрядчы — кытайлык China Road and Bridge Corporation корпорациясы.