Республикалык айтышта баш байгени Идрис Айитбаев жеңип алды

Байге фонду миллион сом болгон айтышка жалпысынан 12 акын катышып, төртөө финалга чыга алган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкекте өткөн республикалык айтышта баш байгени Идрис Айитбаев, ал эми биринчи орунду Баян Акматов алды. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фонду кабарлады.
Тоголок Молдого арналган айтышта 12 акын күч сынашмай болду
Айтыштын финалына чыккан Акматбек Султан уулу экинчи орунду, ал эми Тынчтык Эсенбай уулу үчүнчү орунду ээлеген.
Байге фонду миллион сом болгон айтышка жалпысынан 12 акын катышкан. Тандоо турунда 42 акын өнөрүн көрсөткөн эле.
Сыйлыктар төмөнкүчө бөлүштүрүлгөн:
Калган сегиз акынга 30 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык берилген.